>

Шамсуддин Хакимов — 416

32:12 (Оо, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «Оо, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда жакшы амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле.

32:13 Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (туура жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!» - деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган.

32:14 (Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унутканыңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!» – (деп айтылат).

32:15 Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисин аруулап мактоолорду айткан адамдар ыйман келтиришет.[1]

32:16 Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташат.

32:17 Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.

32:18 Ыймандуу (таза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт!

32:19 Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал кылган адамдар үчүн бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша сыйлык иретинде!

32:20 Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылып турушат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!» – деп айтылат.