>

Шамсуддин Хакимов — 415

32:1 Алиф, Лаам, Миим.[1]

32:2 (Бул) китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок.

32:3 Же болбосо алар (Мекке мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.[1] Кана эми, туура жолго түшүп калышса.

32:4 Аллах асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду.[1] Силер үчүн Аллахтан башка колдоочу да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсиңерби?

32:5 Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллах Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы, пенделердин иштери) Өзүнө көтөрүлөт.

32:6 Ушул (Аллах) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.

32:7 Ал ар бир нерсени эң мыкты жараткан жана инсандын алгачкы жаралышын ылайдан жасаган.

32:8 Кийин анын урпактарын (бүткүл денеден суурулуп чыккан) бел суудан жаратты.

32:9 Кийин аны (кадыресе адам кейипинде) келишкен келбетте кылды жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөп[1] жан салды. Жана (Аллах) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар.

32:10 (Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт!

32:11 Сен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси[1] жаныңарды алат. Кийин (кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар».