>

Шамсуддин Хакимов — 413

31:20 (О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн жакшылыктарга бөлөдү?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллахтан келген) нурдуу китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) туура жолу болбосо да Аллах жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар.

31:21 Качан (мушриктерге): “Аллах түшүргөн нерсеге (Куран өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз” дешет. Шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагыбы ( ошого да ээрчий беришеби)?!

31:22 А кимде-ким (Аллахка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундура алса анда ал бекем тутканы кармаптыр![1] Иштердин акыбети Аллахка таандык!

31:23 (Оо, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга эмне кылгандыгы тууралуу кабар беребиз. Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү.

31:24 Биз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз.

31:25 Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» дешет. Сен «Аллахка мактоо болсун» дегин.[1] Жок! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт.

31:26 Асмандар жана жерде болгон нерсенин бардыгы Аллахтын мүлкү. Чынында, Аллахтын бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу.

31:27 Эгер жер бетиндеги бардык дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллах Кудуреттүү, Даанышман![1]

31:28 Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир жанды тирилткен сыяктуу эле. Аллах Угуучу, Көрүүчү.