>

Шамсуддин Хакимов — 412

31:12 Биз акыйкатта Лукманга даанышмандык бердик (жана ага айттык): «Аллахка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, ким (жакшылыктарга) шүгүр кылбаса, Аллах муктаж эмес, мактоого татыктуу.

31:13 Бир кезде Лукман[1] баласына насаат кылып, (мындай) деди: «Оо, балам Аллахка шерик кошпогун! Чындыгында ширк деген – бул чоң зулум!

31:14 «Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (буйрук) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»

31:15 «(Оо, инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тообо кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин».

31:16 Оо, уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келе алат. Аллах (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар.

31:17 Оо, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен кыйынчылыктарга сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) тырышып, умтулуп аткарылчу иштерден.

31:18 Адамдардан жүзүңдү бурбагын! Ошондой эле, жер бетинде текеберленип, обочолонуп баспагын! Аллах текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт!

31:19 Басканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу.