>

Шамсуддин Хакимов — 411

31:1 Алиф, Лаам, Миим.[1]

31:2 Бул даанышман китептин аяттары.

31:3 Жакшылык кылуучулар үчүн ырайым жана туура жол!

31:4 Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана акыретке анык ишенишет.

31:5 Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) туура жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!

31:6 Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү[1] сатып алат жана аны (Куранды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар!

31:7 Качандыр ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!

31:8 Ал эми, ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар.

31:9 Алар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

31:10 (Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк.

31:11 Булар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда!