Шамсуддин Хакимов — 409
30:42 Айткын: «(Эй, каапырлар!) жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллахка) шерик кошуучу болушкан».
30:43 Эми, сен (оо, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (кыямат) Аллах тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат.
30:44 Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшылык иштерди кылса, өздөрүнө (бейишти) даярдаптыр.
30:45 Ыйман келтирип жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында Ал каапырларды сүйбөйт.
30:46 Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): Ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын жакшылыктарынан үмүт кылышыңар үчүн (жамгырдын жаашын) сүйүнчүлөөгө шамалдарды жибериши.[1] Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.
30:47 Биз (оо, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү – Биздин милдет болгон.
30:48 Аллах шамалдарды жиберип булуттарды козгойт. Анан (Аллах) аларды асманда Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллах) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, күтүлбөгөн жерден сүйүнүп калышат.
30:49 Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты).
30:50 Эми сен (оо, адам) Аллахтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Акыйкатта, Ал (Аллах) өлүктөрдү да албетте тирилтет! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!