>

Шамсуддин Хакимов — 408

30:33 Качан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат.

30:34 Алар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер!

30:35 Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?!

30:36 Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт.

30:37 Эмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар.

30:38 Эми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет.

30:39 Адамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар.

30:40 Силерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик!

30:41 Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар!