Шамсуддин Хакимов — 407
30:25 Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн).
30:26 Асмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет.
30:27 Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман.
30:28 Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силердин кулдарыңар силер менен бирдей шерик болуусуна ыраазы болосуңарбы? (Жок) Силер алардын (мал-мүлкүңөргө шериктеш болуусунан) башка бир эркин адам (жок жерден эле шериктеш болуп калуусунан) корккондой коркосуңар. Биз акыл жүгүрткөн адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
30:29 Жок! Залымдар илимсиздиктен улам напси каалоолорун ээрчишти. Аллах адаштырганды ким туура жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок!
30:30 (Оо, Мухаммад!) Ислам динине[1] баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт.
30:31 Ага (тообо менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула!
30:32 Диндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир топ (биз гана туура жолдобуз деп) өздөрүндө болгон нерселер менен гана кубанышат.[1]