>

Шамсуддин Хакимов — 406

30:16 Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана акыреттеги (Аллах менен) жолгушууга ишенбеген адамдар, ошолор азапта калуучулар.

30:17 Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллахга тасбих[1] айткыла (аруулагыла)!

30:18 Асмандар менен жерде, дигер жана бешим мезгилдеринде[1] бардык мактоо - Аллахка гана! (айтылсын).

30:19 (Аллах) өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар.

30:20 Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен.

30:21 Жана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени[1] жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар.

30:22 Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

30:23 Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар.

30:24 Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн[1] силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн[2] соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.