Шамсуддин Хакимов — 405
30:6 (Бул – ) Аллахтын убадасы. Аллах (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
30:7 Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт.[1]
30:8 Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллах асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт.
30:9 Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?[1] Алар булардан (азыркы каапырлардан) күч-кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллахтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
30:10 Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети аябай жаман болду! Себеби, алар Аллахтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан.
30:11 Аллах жан-жартылышты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар.
30:12 Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат.
30:13 Алардын (Аллахка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр (каршы) болушат.[1]
30:14 Жана кыямат күнү, ошол күнү алар (каапырлар тозокко, ыймандуулар бейишке) бөлүнүп кетишет.
30:15 Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган адамдар (бейиш) бактарда кубанычка бөлөнүп, сыйланышат.