>

Шамсуддин Хакимов — 404

29:64 Бул дүйнө жашоосу оюн-зоок, (утурумдук) жыргалчылыктардан башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо – бул акырет жашоосу, эгер билишсе.

29:65 Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат.

29:66 Биз (жакшылык кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат.

29:67 Алар (Мекке мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган Меккени) ыйык (Анда таланчылык, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (ыйык шаарда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллахтын жакшылыктарына каапыр боло беришеби?!

29:68 (Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат деп) Аллахка калпты жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген акыйкатты (Куранды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк залым (каапыр) адам бар бекен?! Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?

29:69 Биздин жолубузда (жаман напси, шайтан, Аллахтын душмандары) күрөшкөн кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллах (ар дайым) жакшылык кылуучулар менен!

30:1 Алиф, Лаам, Миим.[1]

30:2 Рум (Персиядан) жеңилди.[1]

30:3 Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.[1]

30:4 Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.[1]

30:5 Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.