Шамсуддин Хакимов — 403
29:53 «Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.[1] Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек.[2] Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган учурда келип калат!
29:54 Сени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды сөзсүз ороп алуучу!
29:55 Ал күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллах): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт.
29:56 Оо, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла![1]
29:57 Ар бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар.
29:58 Ыйман келтирип, жакшылык (сооп) иштерди жасаган адамдарды Биз бейиштин эң бийик орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Жакшылык) иш кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун!
29:59 Алар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кылган адамдар.
29:60 Өз азыгын (эртеңкисине) камдап, сактабаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллах ырыскы берет. Ал – Угуучу, Билүүчү.
29:61 Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллах» – дешет. (Ошол Аллахка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат?!
29:62 Аллах пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.
29:63 (Оо, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?» - деп сурасаң, албетте «Аллах» – дешет. Айткын: «Аллахка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат!