>

Шамсуддин Хакимов — 40

2:246 Мусадан кийинки, Исраил урпактарынан болгон жамаатты(н кабарын) билбедиңби? Бир мезгилде алар өздөрүнүн пайгамбарына: "бизге бир падыша дайындап бер, Аллах жолунда согушка чыгалы" дешкенде, ал: "Эгер силерге согуш парыз кылынган убакта, согуштан баш тартсаңарчы?" деди. Алар айтышты: "Кантип эле Аллахтын жолунда согушпай коёлу?! Биз журттарыбыздан жана бала-чакаларыбыздан айдап чыгарылдык!" Ал эми, согуш парыз кылынганда болсо, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы (согуштан) баш тартышты. Аллах заалым адамдарды Билүүчү.

2:247 Аларга пайгамбары: "Аллах силерге (мына бул) Таалутту падыша дайындады" дегенде, алар: "Ал кайдан бизге падыша болсун?! Андан көрө падышалыкка өзүбүз көбүрөөк акылуубуз. Жана ага кененирээк мал-дүйнө да берилген эмес" дешти. (Анда пайгамбар) айтты: "Аны силерге (падыша кылып, мен эмес) Аллах тандады жана аны (саясий) илимде жана денесинде(ги кубатты башкалардан) ашыкча кылды. Аллах (жердеги) падышалыгын Өзү каалаган адамга берет. Жана Аллах(тын пазилети) Кенен, Билүүчү".

2:248 Пайгамбары аларга: "Анын падышалыгынын белгиси, силерге (душманыңар тартып алган) сандыктын[1] (кайра өзүңөргө) келиши. Анда (силер үчүн) Раббиңер тарабынан тынчтык-бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөсүнөн калган (таберик) нерселер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер (чындап) ыймандуу болсоңор ушул окуяда силер үчүн аян-белги бар" - деди.