>

Шамсуддин Хакимов — 399

29:24 Ага (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллах оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар.

29:25 (Ибрахим элине) айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллахтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин кыямат күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт!

29:26 Ага (Ибрахимге) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллах) - Кудуреттүү, Даанышман!»

29:27 Жана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (бала жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал акыретте да жакшы-такыбалуу кишилерден.

29:28 Жана Лутту да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар.

29:29 Чындыгында силер эркектерге (бачабаздык кылып) кошулуп, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, бизге Аллахтын азабын алып келчи!» – деген сөздөр гана болду.

29:30 (Анда Лут): «Оо, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!» - деди.