>

Шамсуддин Хакимов — 396

28:85 (Оо, Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет».

28:86 Сен (оо, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо!

28:87 Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллахтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун![1] Жана Раббиңе (Ага ыйман келтирүүгө) чакыр. Эч качан мушриктерден болбогун!

28:88 Аллахка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Андан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок. (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!

29:1 Алиф. Лам. Мим.[1]

29:2 Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу?

29:3 Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду билет, жалганчыларды да билет.

29:4 Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман!

29:5 Ал эми, ким (кыяматта) Аллахка жолугуудан үмүт кылса, Аллахтын (кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Ал Угуучу, Билүүчү.

29:6 Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллахтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллах ааламдардан беймуктаж.[1]