Шамсуддин Хакимов — 392
28:51 Биз Сөздү (Куранды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, чечмелеп) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса!
28:52 Курандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Куранга) ыйман келтиришет.
28:53 Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген акыйкат. Биз мындан мурун да Аллахка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти.[1]
28:54 Алар эки эсе сооп ала турган адамдар.[1] Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташты.
28:55 Жана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти.[1]
28:56 (Оо, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды туура жолго баштай албайсың. Бирок, Аллах гана Өзү каалаган адамын туура жолго баштайт. Туура жолго ким түшөөрүн Анын Өзү жакшы билет.
28:57 Алар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге туура жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз» – дешти.[1] Биз аларды (Ибрахим негиздеген) ыйык жерге жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт.
28:58 Биз жашоосунда кесирлик кылып,чектен чыккан нечендеген шаарларды кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук![1]
28:59 Сенин Раббиң эч бир негизги шаарларды(н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) залим болгон шаарларды гана кыйратуучубуз.