>

Шамсуддин Хакимов — 389

28:29 Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди.

28:30 Отко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты.

28:31 Таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың!

28:32 Колуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар.

28:33 (Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун.

28:34 Менин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун».

28:35 (Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар».