>

Шамсуддин Хакимов — 381

27:45 Биз Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти «Аллахка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда:)

27:46 (Салих) айтты: «Оо, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун (азапка алып баруучу) күнөөлүү иштерге шашыласыңар?! (Андан көрө) Аллахтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!».

27:47 (Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) жаман жышаан кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Жаман жышааныңар Аллахтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар».[1]

27:48 Шаарда, жер бетинде жакшылык эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.

27:49 Алар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти.

27:50 Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты.[1]

27:51 Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!

27:52 Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар.

27:53 Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу.

27:54 Жана (оо, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби?!

27:55 Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди.