Шамсуддин Хакимов — 379
27:23 Мен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага бүткүл (керектүү кубаттуулуктун, бийликтин) себептери берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен.
27:24 Мен ал аял менен анын коомун, Аллахты коюп, күнгө сажда (табынып) жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп туура жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан, туура жолго) түшүшкөн жок.
27:25 Аллахтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет!
27:26 Аллах(тын) бир Өзүнөн башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок! (Ал) улук Арштын Раббиси! (Үпүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң...,)
27:27 (мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз.
27:28 Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, карап тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүп куш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Саба канышасы катты ачып, мындай)
27:29 деди: «Оо, кадырмандар, мага бир урматтуу кат келиптир.
27:30 Сулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен (баштаймын).
27:31 (Оо, Сабалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)».
27:32 (Дагы) айтты: «Кана, (акылман) улуктар, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын».
27:33 (Улуктар) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.[1] Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз». (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана:)
27:34 Айтты: «Чынында падышалар бир айылга (айыл, шаарларга) басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат.
27:35 А, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен».