Шамсуддин Хакимов — 378
27:14 Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой.[1]
27:15 Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди артыкчылыктуу кылды!» дешти.
27:16 Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «Оо, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Акыйкатта бул (Аллах тарабынан берилген) анык артыкчылык!» - деди.
27:17 Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту.
27:18 Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери байкабастан силерди тебелеп-жанчып кетишпесин!» - деди.
27:19 Анын сөзүнө Сулайман жылмайып күлдү да, (дуба кылып, мындай) деди: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!».
27:20 (Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) көрүнбөй кеттиби?
27:21 Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келсин!» деди.
27:22 Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба[1] элинен анык кабар алып келдим.