>

Шамсуддин Хакимов — 377

27:1 Та, син. Булар – Курандын жана ачык-айкын (катасы жок) китептин аяттары.

27:2 Туура жол жана ыймандууларга сүйүнчү кабар.

27:3 Алар (ыймандуулар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана акыретке бекем ишенишет.

27:4 Ал эми акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет.

27:5 Алар үчүн азаптын эң жаманы болот жана алар акыретте эң көп зыян тартуучулар!

27:6 «Жана чынында (сага түшүрүлгөн) Куран – Билүүчү, Даанышман (Аллах) тарабынан берилген».

27:7 (Оо, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин, (аны менен) жылынып алаарсыңар» - деди.

27:8 Ал отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун![1] Ааламдардын Раббиси – Аллах аруу!» - деген добуш угулду.

27:9 «Оо, Муса бул Мен – Кудуреттүү, Даанышман Аллахмын!

27:10 Таягыңды ташта!» (таягын жерге таштады эле) Анын чоң жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! – (деди кайрадан жанагы добуш) – коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.

27:11 Ал эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат)ظ (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун.

27:12 (Оо, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок[1] аппак болуп чыгат. (آТаяк менен ак кол) Фараон жана анын коомуна арналган тогуз кереметтин[2] (экөөсү). Чынында алар бузулган коомдор.

27:13 Ал эми, качан аларга Биздин кереметтер келгенде! «Бул анык сыйкыр» дешти.