Шамсуддин Хакимов — 376
26:207 ошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!
26:208 Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.
26:209 (Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук.[1]
26:210 Аны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.
26:211 Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт.[1] (Анткени:)
26:212 Алар аны угуудан тосулуп коюлган.[1]
26:213 (Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.
26:214 Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!
26:215 Өзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!
26:216 Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.
26:217 Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.
26:218 Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт.
26:219 Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).
26:220 Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.
26:221 (Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби?
26:222 Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт.
26:223 Алар (аны) угушат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.
26:224 Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт.[1]
26:225 Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең?
26:226 Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат).
26:227 Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.