Шамсуддин Хакимов — 375
26:184 Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!
26:185 (Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!
26:186 Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.
26:187 Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)
26:188 (Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.[1]
26:189 Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады![1] Бул улук күндүн азабы болчу.
26:190 Албетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
26:191 Чынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
26:192 «Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».
26:193 Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,
26:194 сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.
26:195 (Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).
26:196 Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.
26:197 Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?[1]
26:198 Эгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк
26:199 жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес.[1]
26:200 Биз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.
26:201 Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.
26:202 Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.
26:203 Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.
26:204 Биздин азапты шаштырып жатышабы?
26:205 Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,
26:206 Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,