>

Шамсуддин Хакимов — 374

26:160 Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди.[1]

26:161 Бир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

26:162 Мен силерге аманаткөй пайгамбармын.

26:163 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

26:164 Мен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

26:165 (Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!

26:166 Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».

26:167 «Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».

26:168 (Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!

26:169 Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».

26:170 Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.

26:171 Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.

26:172 Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.

26:173 Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман![1]

26:174 Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.

26:175 Чынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!

26:176 Калың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]

26:177 Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

26:178 Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.

26:179 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

26:180 Мен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

26:181 (Оо, коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула!

26:182 Туура тараза менен тарткыла!

26:183 Адамдардын нерселерин кемитпегиле![1] Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!