Шамсуддин Хакимов — 373
26:137 Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.
26:138 Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».
26:139 (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
26:140 Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
26:141 Самуд эли дагы пайгамбарларды[1] жалганчы кылды.
26:142 Бир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!
26:143 Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.
26:144 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
26:145 Мен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
26:146 Силер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,
26:147 бактардын, булактардын ичинде?
26:148 Эгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?[1]
26:149 Чеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.
26:150 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
26:151 Чектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!
26:152 Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».
26:153 (Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!
26:154 Сен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».
26:155 (Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.
26:156 Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».
26:157 Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.
26:158 Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.
26:159 Албетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.