>

Шамсуддин Хакимов — 372

26:112 (Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.

26:113 Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.

26:114 Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.

26:115 Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн».

26:116 «Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).[1]

26:117 (Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!

26:118 Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».

26:119 Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.

26:120 Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.

26:121 Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.

26:122 Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]

26:123 Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.[1]

26:124 Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

26:125 Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.

26:126 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

26:127 Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

26:128 Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!

26:129 (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!

26:130 Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр![1]

26:131 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

26:132 Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!

26:133 Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.

26:134 Бактарды жана булактарды берди.

26:135 Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!

26:136 (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.