>

Шамсуддин Хакимов — 371

26:84 Жана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын!

26:85 Жана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!

26:86 Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды![1]

26:87 (Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!».

26:88 Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт.

26:89 Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).

26:90 Такыбалуу кишилерге бейиш жакын келтирилди.

26:91 Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү![1]

26:92 Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды?!

26:93 Аллахты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!».

26:94 Анан ага (тозокко биринин үстүнө бири) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар,

26:95 жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери.[1]

26:96 Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти:

26:97 «Аллахка ант, биз анык адашууда болуптурбуз!

26:98 Биз (эй, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине теңештириптирбиз!

26:99 Бизди күнөөкөрлөр гана адаштырды!

26:100 Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды![1]

26:101 Жана бизге (пайда берчү эч бир) кадырман дос да жок!

26:102 Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана ыймандуулардан болуп калсак!».

26:103 Албетте бул аяттарда үлгү-сабак бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.

26:104 Чындыгында сенин Раббиң (оо, Мухаммад!) бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.

26:105 Нухтун коому дагы пайгамбарларды[1] жалганчыга чыгарды.

26:106 Бир кезде аларга өздөрүнөн болгон Нух (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

26:107 Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун.

26:108 Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

26:109 Мен ыйманга чакырганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши.

26:110 Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула![1]

26:111 «Сага ыйман келтиребизби?! Сага төмөнкү катмардагы адамдар гана ээрчиген го!» - дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар).[1]