>

Шамсуддин Хакимов — 370

26:61 Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.

26:62 «Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».

26:63 Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.[1]

26:64 Анан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.

26:65 Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.

26:66 Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик!

26:67 Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.

26:68 Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү.[1]

26:69 (Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.

26:70 Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди.[1]

26:71 «Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.

26:72 (Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?

26:73 Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».

26:74 «Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.

26:75 (Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,

26:76 силер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).

26:77 Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)

26:78 Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт.

26:79 Жана Ал мени жедирет жана ичирет.

26:80 Оорусам, Өзү мага шыпаа берет.

26:81 Жана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет.

26:82 Жана кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын.

26:83 «Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун!