>

Шамсуддин Хакимов — 367

26:1 Та. Сиим. Миим.[1]

26:2 Булар анык китептин (Курандын) аяттары.

26:3 (Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың![1]

26:4 Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1]

26:5 Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.

26:6 Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.

26:7 Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык.

26:8 Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди.

26:9 Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]

26:10 Жана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго:

26:11 Фараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин».

26:12 «Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун.

26:13 (Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн.[1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер.

26:14 Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».

26:15 (Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз.

26:16 Баргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз.

26:17 Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)

26:18 (Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!

26:19 Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!».