Шамсуддин Хакимов — 366
25:68 Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат.
25:69 Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.
25:70 Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.[1] Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.
25:71 Жана кимде-ким тообо кылып, жакшылык иштерди кылса, ал Аллахка (Аллахтын жолуна) чындап кайтыптыр.
25:72 Жана алар (Ырайымдуунун пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт.
25:73 Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат.)
25:74 Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.[1]
25:75 Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.[1]
25:76 Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун!
25:77 (Оо, Мухаммад!) айткын: «Эгер (араңарда ыймандуу) дуба кылгандар болбосо, Аллах силерди (каапырларды) баалабайт. Себеби силер (динди, Куранды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада (калпка чыгаргандын жазасы) силер менен бирге болот.[1]