Шамсуддин Хакимов — 365
25:56 Биз сени (ыймандууларга бейиштин) сүйүнүч, (Аллахка баш ийбегендерге тозоктон) эскертүү кабарын берүүчү кылып жибергенбиз.
25:57 Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).[1]
25:58 Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.
25:59 Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду. Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)
25:60 Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.[1]
25:61 Асмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.
25:62 Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.[1]
25:63 Чексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.
25:64 Алар түн ичинде[1] Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.
25:65 Алар «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс!
25:66 Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.
25:67 Алар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.