>

Шамсуддин Хакимов — 364

25:44 Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак![1]

25:45 (Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.[1]

25:46 Кийин Биз акырындык менен аны (көлөкөнү) жыйнап алабыз.[1]

25:47 Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды.

25:48 Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк,

25:49 аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн.

25:50 Биз аны (Куран аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады.

25:51 Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү пайгамбар жибермекпиз.[1]

25:52 (Оо, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Куран) менен чоң жихад кыл!

25:53 Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.[1]

25:54 Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү.

25:55 Алар (мушриктер) Аллахтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (шайтанга) жардамчы болду.