Шамсуддин Хакимов — 362
25:21 Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.[1] Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.
25:22 Периштелерди көргөн ошол (кыямат) күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн бейиш) тап-такыр арам!» – дешет.
25:23 Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!
25:24 Ошол Күнү (Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган) бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат.
25:25 Жана ак булуттуу асман жарылган жана периштелер түшүп келген Күнү,
25:26 Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик чексиз Ырайымдууга (Аллахка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот.
25:27 Ал күнү залымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана!
25:28 Шорум курусун-ай! Баланчаны[1] дос кылбай эле койсом болмок экен!
25:29 Ал мени, мага келген зикирден (Курандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет.
25:30 Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «Оо, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Куранды (арттарына) таштап коюшту.
25:31 Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү!
25:32 Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.[1]