>

Шамсуддин Хакимов — 36

2:225 Аллах силерди (тил учунда айтылган) антыңардагы маанисиздик үчүн жазалабайт. Бирок, жүрөгүңөр чыгарган нерсе (ант) үчүн жазалайт.[1] Аллах - Кечиримдүү, (пейили) Жумшак.

2:226 Аялдарынан “ийлаа”[1] кылган күйөөлөр үчүн (эң узун) күтүү мөөнөтү төрт ай. Эгер (ниеттеринен) кайтышса, Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

2:227 Жана эгер (төрт ай өткөн соң) талак берүүнү (ажырашууну) каалашса, (ажыраша берет). Аллах – Угуучу, Билүүчү.[1]

2:228 Талагы берилген аялдар үч (айыздан) тазалануу мөөнөтү (өткөнгө чейин) өздөрүн байкашат. Эгер алар Аллахка жана Акырет күнүнө ишенишсе, Аллах жатындарында жаратып койгон нерсени (түйүлдүктү) жаап-жашыруулары аларга адал эмес. Жана алардын күйөөлөрү эгер жашоону кааласа ушул (үч айыз) аралыгында аларды (өз никесине) кайтарууга көбүрөөк акылуу.[1] Ошондой эле, аларга үстүндөгү милдетине жараша жакшылыкка болгон акылары да бар. Жана да эркектерге аялдардан жогору даража бар. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.

2:229 (Кайрадан нике кыюу мүмкүн болгон) талак эки ирет гана (берилет). Андан кийин (же) жакшы жашоо менен (аялды) кармап калуу же болбосо, жакшылыкча койо берүү (гана калат). Аларга (аялдарга) берген махырыңардан кээ бир бөлүгүн алып калуу силер үчүн адал эмес. Болгону, ал экөө (аялы менен күйөөсү) Аллахтын чек араларында тура албагандан корккондо гана (аялга берилген махырдан белгилүү өлчөмдө алып калуу адал болот.) Эгер силер ал экөөсүнүн Аллах чектеген чектерде тура албасынан корксоңор, аялы (өз башын азат кылуу үчүн) күйөөсүнө берген төлөмүндө эч күнөө жок. Ушулар Аллахтын чек-эрежелери, аларды бузбагыла! Ким Аллахтын чек-эрежелерин бузган болсо, ошолор гана залымдар![1]

2:230 Эгер эр аялын (үчүнчү ирет) талак кылса, кийин, андан башка эрге тийип чыкмайынча ага адал болбойт. Эгер ал аялды ал (кийинки эри) дагы талак кылса, кайрадан бири-бирине кайтуусунда экөөнө күнөө жок, эгер Аллахтын чек-эрежелеринде турууларына көздөрү жетсе. Ушулар Аллахтын чек-эрежелери. Аларды (Аллах) түшүнгөн коомдор үчүн баян кылып берет.