>

Шамсуддин Хакимов — 358

24:59 Эгер силердин бөбөктөр эрезе жашына жетсе, алардан мурдагылар (чоңдор) сыяктуу (ар убакта) уруксат сурашсын. Аллах силерге аяттарын мына ушинтип (айкын) баяндайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.

24:60 Аялдардын арасынан никеден үмүт үзүп, олтуруп (картайып) калгандары үчүн зыйнат-жасалгалары менен ачылып-чачылбаган абалда (чоң жоолук жана хижап-халат сыяктуу сырткы) кийимдеринин кээ бирин (махрам эместердин алдында) чечип коюусунда күнөө жок. (Бирок,) эгер (чечүүдөн) ыйба кылышса өздөрүнө жакшы. Аллах Угуучу, Билүүчү.

24:61 (Жихад жана ушул сыяктуу парыз амалдарды аткара албай калган) сокурларга, чолокторго жана оорулууларга күнөө жок. Жана силер үчүн (оо, ыймандуулар) өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-иниңердин үйүнөн же эже-карындаштарыңардын үйүнөн же абаңардын үйүнөн же апчеңердин үйүнөн же таякеңердин үйүнөн же таежеңердин үйүнөн же ачкычы колуңарга (ишенип) тапшырылган үйлөрдөн же дос-жарандарыңардын үйүнөн (уруксатсыз) тамактанууңарда күнөө жок. (Ошондой эле,) чогуу же бөлүнүп тамактанууңарда да күнөө жок. Эгер үйлөргө кирсеңер (мусулмандар бири-бириңерге эгерде үйдө эч ким жок болсо) өзүңөргө Аллахтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле.[1] Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Балким акыл жүргүзөрсүңөр!