Шамсуддин Хакимов — 357
24:54 (Оо, пайгамбар, адамдарга) айткын: «Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз үйүрсөңөр, пайгамбарга өз милдети, силерге өз милдетиңер.[1] Эгер ага моюн сунсаңар анда, туура жолго түшөсүңөр. Пайгамбардын мойнунда анык жеткирүүдөн башка (милдет) жок.
24:55 Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө башкаруучу кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди башкаруучу кылганы сыяктуу. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар.[1]
24:56 Жана (силер оо, момундар) намазды (так) аткаргыла, зекетти бергиле жана пайгамбарга моюн сунгула! Ажеп эмес (Аллахтын) ырайымына бөлөнсөңөр!
24:57 (Оо, Мухаммад!) Каапырлар жер бетинде Аллахтан качып кутулат деп ойлобо! (Акыретте болсо) алардын жайы тозокто! Кандай жаман акыбет!
24:58 Оо, ыйман келтиргендер! Кулдарыңар менен күңдөрүңөр жана эрезеге жетпеген бөбөктөрүңөр (силердин бөлмөгө кирүү үчүн) үч маал уруксат сурашсын:[1] Багымдат намазынан мурун (сырткы кийимиңерди кийе электе), Бешим убактысында(гы ысыктан) чечинип алганыңарда жана Куптан намазынан кийин (жатаарда). Ушул үч убак силер үчүн аврат (кийимсиз) болгон учурлар. Бул үч убактан башка убактарда (уруксатсыз кирсе) силерге да, аларга да күнөө жок. Алар силерге: бири-бириңерге аралашып жүрө бересиңер. Аллах силерге (өкүм) аяттарын мына ушинтип баяндайт. Аллах - Билүүчү, Даанышман.