Шамсуддин Хакимов — 351
24:11 Чынында, доомат арткан адамдар өзүңөрдүн эле араңардагы бир тайпа.[1] Силер бул дооматты жамандык деп ойлобогула, ал силер үчүн жакшылык.[2] Алардын (дооматчылардын) ар бири үчүн жасаган ишине тете күнөөсү бар. Ал эми, алардын арасынан (күнөөнүн) чоңун көтөргөн адамга[3] (Акыретте) чоң азап бар.
24:12 Силер (оо, мусулман жамааты!) бул жалааны укканыңарда ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-бири жөнүндө жакшы күмөндө болуп, «бул (Аишага) анык жалаа!» - десе болбойт беле?!
24:13 Алар (дооматчылар) өздөрүнүн дооматтарына төрт (адилеттүү) күбөнү алып келишсе болбойт беле?! Эгер (төрт адилеттүү) күбөнү алып келе албаса, анда алар Аллахтын алдында жалганчы адамдар!
24:14 Эгерде силерге Дүйнө жана Акыретте Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбосо, анын ичине чумкуган нерсе(ңер - ушак, доомат) үчүн силерге чоң азап келмек.
24:15 Силер ал убакта тилиңер менен (доомат-ушакты) сүйлөп, оозуңар менен өзүңөр билбеген нерсени жайылтып жаттыңар. Силер аны (дооматты) жеңил санайт элеңер. Чынында ал Аллахтын алдында чоң (күнөө!).
24:16 Аны укканыңарда «Биз муну сүйлөгөнгө акыбыз жок! (Оо, Аллахым!) Өзүң Аруу-Тазасың! Бул деген чоң доомат!» - десеңер болбойт беле?!
24:17 Аллах силерге эскертет: Ага окшогон нерсеге эч качан кайтпагыла, эгер ыймандуу болсоңор!
24:18 Аллах силерге Өзүнүн аяттарын (өкүм-шариятын ушинтип) баяндайт. Аллах – Билүүчү, Даанышман.
24:19 Ыймандуу адамдардын арасында бузукулуктун (зына кылды деп жалаа жабуу) таркалуусун жакшы көргөн адамдарга дүйнөдө жана акыретте улуу азап бар! Аллах (алардын жалгандарын) билет, силер билбейсиңер.
24:20 Эгер силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо (анда силерге жаза тез эле келмек) чындыгында Аллах Боорукер, Мээримдүү.