Шамсуддин Хакимов — 350
24:1 Бул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны(н өкүмдөрүн) Биз парыз кылдык жана (оо, ыймандуулар) эскерме-сабак алаарсыңар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк.
24:2 (Үйлөнө элек туруп) зына кылган аял менен зына кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула![1] Эгер Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллахтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун.
24:3 Зынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, ыймандууларга бул – арам![1]
24:4 Таза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар – (Аллахка баш ийбеген) бузуку адамдар!
24:5 Ал эми, ушунусунан кийин тообо кылган жана (амалдарын) оңдогон адамдар(дын күнөөсүн Аллах кечирет. Анткени,) Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
24:6 Өз аялдарына (зына кылды деген) доомат коюп, бирок, өзүнөн башка күбөсү жок болгон адамдардын ар биринин күбөлүгү ( - казынын алдында:) «Мен чынчылдарданмын» деп төрт ирет Аллахтын аты менен (ант ичип) күбөлүк берүү.
24:7 Бешинчиси – «Эгер жалганчылардан болсом мага Аллахтын наалаты болсун!» - деп айтуу.
24:8 Ал эми «Ал (күйөөсү) жалган айтууда!» - деп, төрт ирет Аллахка ант ичүүсү андан (аялынан) азапты арылтат.
24:9 Бешинчиси – (аялдын) «Эгер ал (күйөөсү) чын сүйлөп жаткан болсо, өзүнө Аллахтын каары болсун!»- деп (наалат) айтуусу.
24:10 Эгер силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо (жалгандан ант ичкен эр же аялга өзү тилеген каргышы тиймек. Бирок) Аллах тооболорду кабыл кылуучу, Даанышман Зат.