Шамсуддин Хакимов — 349
23:105 (Оо, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле?!
23:106 (Ошондо каапырлар) айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге (дүйнөдө) бактысыздык үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык!
23:107 Оо, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта залымдарбыз».
23:108 (Ошондо Аллах) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!».
23:109 Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың» дешет.
23:110 Силер болсо (оо, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр.
23:111 Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер.
23:112 (Аллах тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди.
23:113 «Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти.
23:114 (Аллах) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер.
23:115 «Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?».
23:116 Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан алыс) Бийик!
23:117 Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллахка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт!
23:118 Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың!».[1]