Шамсуддин Хакимов — 348
23:90 Жок, Биз аларга акыйкатты алып келгенбиз. Бирок, алар «жалган» деп, четке кагышты.
23:91 Аллах (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллах (мушриктер) сыпаттагандан[1] Аруу!
23:92 Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик!
23:93 Айткын: «Оо, Раббим! Эгер убада кылынган азап алардын башына түшүп жатканын мага көргөзчү болсоң,
23:94 оо, Раббим, мени залым коомдун ичинде калтырба!».
23:95 Биз сага да (оо, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз.
23:96 (Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз.
23:97 Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!
23:98 Оо, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!
23:99 Качан алардын (каапырлардын) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «Оо, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы!
23:100 Балким, (бул өмүрүмдө) мурда жасай албаган жакшы амалдарды жасап калаармын!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) артында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (мүрзө жашоосу) бар.
23:101 (Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда..., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт.
23:102 Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер.
23:103 Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар.
23:104 Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (куйкаланган баш сөөгүнө окшоп, эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат.