Шамсуддин Хакимов — 347
23:75 Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет.
23:76 Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат.
23:77 Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат.
23:78 Ал (Аллах) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар.
23:79 Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар.
23:80 Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби!
23:81 Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай)
23:82 дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз?!
23:83 Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес»
23:84 Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?»
23:85 Алар дароо: «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллахты?!»)
23:86 Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?»
23:87 Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллахтан?!»)
23:88 Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ал каалаганын коргойт, ал эми кимге жамандыкты кааласа, аны эч ким тосо албайт. Эгер (башка бир ушундай болсо айткылачы) билсеңер?».
23:89 Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?».[1]