>

Шамсуддин Хакимов — 346

23:60 жана садакаларын, Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар...,

23:61 Дал ушулар бири-бири менен жарышып,[1] жакшылыктарды кылууда башкалардан алдын болгондор.

23:62 Биз эч бир жанга көтөрө албаган ашыкча нерсени жүктөбөйбүз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт.

23:63 Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Куранда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат.

23:64 Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат.

23:65 (Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт» - (дейбиз)

23:66 (Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер.

23:67 («Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Куран жөнүнүдө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр![1]

23:68 Алар Сөзгө (Куранга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби?![1]

23:69 Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны(н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай?!

23:70 Же аны жинди деп жатышабы?![1] Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт.

23:71 Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Куран менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан[1] жүз буруп жатышат!

23:72 Оо, Мухаммад!) Же сен (ыйманга чакырыгың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү.

23:73 Албетте, сен аларды туура жолго чакырасың.

23:74 Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар.