Шамсуддин Хакимов — 345
23:43 Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт.
23:44 Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор!
23:45 Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен бир тууганы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик,
23:46 Фараон жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту.
23:47 Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (Исраил урпактары) биздин кулдарыбыз болсо?!» - дешти.
23:48 Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты.
23:49 Биз (Мусанын коому) туура жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик.
23:50 Жана Биз Мариямдын уулу (Иса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Мариям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык.[1]
23:51 Оо, пайгамбарлар! Таза-адал ырыскылардан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн.
23:52 Силердин бул үммөтүңөр (негизинен) бир эле үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллахка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен – силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула!
23:53 (Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды.
23:54 Сен (оо, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой.[1]
23:55 Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду
23:56 Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат![1]
23:57 Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер
23:58 Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер,
23:59 жана Раббисине шерик кылбагандар