Шамсуддин Хакимов — 344
23:28 Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди залым коомдордон куткарган Аллахка мактоолор болсун!» - дегин.
23:29 Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»
23:30 Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык.
23:31 Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык.
23:32 Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллахка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп чакырык кылды).
23:33 Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам!
23:34 Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер анык зыян тартып каласыңар.
23:35 Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы?
23:36 Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе!
23:37 Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз!
23:38 А, бул болсо, жалгандан («мен пайгамбармын» – деп) Аллахка жалган жалаа жапкан адам! Биз ага ишенбейбиз!»
23:39 (Ошондо пайгамбар) айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»
23:40 (Аллах) айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат.
23:41 Чынында кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган көбүк сыяктуу кылдык. Жоголсун залым коомдор![1]
23:42 Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык.