>

Шамсуддин Хакимов — 343

23:18 Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.[1] Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз.

23:19 Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер.

23:20 Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада[1] өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана жегендер үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт.

23:21 Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер.

23:22 Мингенге да пайдаланасыңар. (Ал эми деңизде) кемелерге минип жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллах таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет:)

23:23 Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум, Аллахка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка сыйынылуучу-кудай жок. (Ошол кудайдан) коркпойсуңарбы эми?!

23:24 Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллах (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз!

23:25 Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!».

23:26 (Нух) Айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал залымдарга каршы) мага жардам бер!»

23:27 Биз ага вахий кылдык: «(Оо, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана залым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба![1] Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт!