Шамсуддин Хакимов — 342
23:1 Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти.
23:2 Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат.[1]
23:3 Алар жакшылыгы жок сөз-иштерден ыраак болушат.[1]
23:4 Алар (напсилерин) тазалагандар (мал-мүлкүнөн) зекет бергендер.[1]
23:5 Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
23:6 Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен[1] жатса айыптуу болбойт.
23:7 Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар.
23:8 Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар.
23:9 Дагы алар намаздарын сактоочулар.[1]
23:10 Дал ошолор – мурас алуучулар!
23:11 Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус бейишин мурас кылып алышат.
23:12 Биз инсанды (топурагы жердин бардык тарабынан алынып, суу кошулган) ылайдан[1] жараттык.
23:13 Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) тамчы суу абалында кылдык.
23:14 Кийин ал бир тамчы бел суудан «алака»[1] (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта өнүктүрдүк.[2] Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү!
23:15 Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр.
23:16 Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер.
23:17 Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз.