>

Шамсуддин Хакимов — 340

22:65 Көрбөйсүңбү, (оо, Мухаммад), Аллах силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз буйругу менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн). Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер.

22:66 Ал силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз!

22:67 Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (Оо, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын![1] Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, туура жол үстүндөсүң.

22:68 Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллах (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү.

22:69 Аллах Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат».

22:70 (Оо, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.[1] Бул Аллахка жеңил.

22:71 (Мушриктер) Аллахтан башка, Аллах (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Залимдерге (Аллах тарабынан) жардамчы жок![1]

22:72 Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун!