Шамсуддин Хакимов — 339
22:56 Ал Күнү (бардык) мүлк Аллахтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар жыргалчылык бейиштеринде болушат.
22:57 Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар.
22:58 Аллахтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллах жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллах эң сонун ырыскыларды берет.[1] Албетте, Аллах эң мыкты ырыскы берүүчү.
22:59 Жана (Аллах) аларды өздөрүнө жаккан орундарга киргизет.[1] Аллах эң жакшы Билүүчү (жана пейили) Жумшак.
22:60 (О, Мухаммад! Сага баян кылып берген бейишке кире турган мухажирлердин абалы) ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллах ага жардам берет. Чынында Аллах өтө Кечиримдүү, Айкөл.
22:61 Ушул (Кудайыңар – Аллах ааламдардын өкүм-мыйзамын иреттүү башкарат:) Ал күндүзгө түндү киргизет, түнгө күндүздү киргизет. Аллах – Угуучу, Көрүүчү.
22:62 Анткени, Аллах – Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллах эң Бийик, эң Улук!
22:63 Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллах өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар.
22:64 Асмандардагы жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллах бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган.