Шамсуддин Хакимов — 335
22:24 (Мунун себеби) алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллахтын) жолуна багытталган эле.
22:25 Каапыр болгондорго, Аллахтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (ыймандууларды) тоскондорго – Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек – жана ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп, зулумдук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз.[1]
22:26 Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Исмаил экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза кылгының.
22:27 Адамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган[1] улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!
22:28 (Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллахтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.
22:29 Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.[1] Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф[2] кылышсын.
22:30 Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнүн кээ бирөөлөрү) Ким Аллахтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) – бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Куранда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми айкел-буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула!