>

Шамсуддин Хакимов — 334

22:16 Биз аны (Куранды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллах (аны менен) Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт.

22:17 Чынында, Аллах Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудилердин, сабиилердин,[1] христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллах ар бир нерсеге Күбө.

22:18 (Оо, Мухаммад!) Карачы, Аллахка жер-асмандагылардын бары: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап аларга татыктуу (адилет жаза) болду. Аллах кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллах каалаган нерсесин жасайт.

22:19 Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.[1] Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат![2] (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)

22:20 Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет.

22:21 Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар!

22:22 Ар качан тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!» – (деп айтылат).

22:23 Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллах (таала) түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жерде алтын билериктер жана берметтер менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот.